Фразеологизмдерди көп жылдардан бери изилдеп келе жаткан окумуштуу Раимжан Эгембердиевдин ою боюнча, бул фразеологизмдин келип чыгышы короз же бөдөнө уруштуруу менен байланыштуу. Урушпай туруп алган короздун же бөдөнөнүн колтугуна муздак суу бүрккөндө, жаалданган немелер дароо тебише кетет дейт.
Бирөөгө каршы көкүтүү, астыртан тукуруп, шилтеп коюу. Караңгы кишилерди көкүтүп, колтугуна суу бүркөт (Бектенов). Момундардын колтугуна суу бүркүп, Самсахунга карай бет алдырууда (Жантөшев). Анын колтугуна суу бүркүп, мага аябай тукуруптур («Чалкан»).